Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевге жиу-житсу федерациясы тарабынан сыя көк кур ыйгарылды. Мындай өң дасыгып келе жаткан жиу-житсучуну билдирет. Спорттун бул түрүндө чебер болуу үчүн күрөң, кара жана кызыл-кара курларга жетүү керек. Башында спортчуларга ак жана көк курлар берилет.
Эске салсак, Рафаэль Физиев ушул жылдын 10-августунда жаракатына байланыштуу Уругвайдагы "UFC Fight Night 156" турнирине катыша албай калган. Мушкер UFC уюмундагы алгачкы беттешин 20-августта Санкт-Петербург шаарында өткөрүп, россиялык атаандашына техникалык нокаут менен утулган.