Жаңылыктар
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылды
Саясат
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылды

Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Саясатчылар үй камагына чыгарылып, сот залынан бошотулду.

Соттук жараянга адвокаттар, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жакын туугандарынын башкалар киргизилген жок. Сот жабык өтүп, журналисттерге уруксат берилбеди. 200дөн ашуун партиянын мүчөлөрү, тарапташтары Текебаев менен Чотоновдун сүрөтүн, партия желегин жана гүл көтөрүп сыртта күтүп турушту.

“Ата Мекен” партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Маалымат https://www.azattyk.org сайтынан алынды