Жаңылыктар
Улуттук банк: доллар менен насыя албаңыз
Экономика
Улуттук банк: доллар менен насыя албаңыз

Кирешени доллар менен таппаган мамлекеттик кызматкерлер же дагы башка жарандар, доллар менен насыя алууда терең ойлонуу керек. Бул тууралуу, улуттук банк билдирди. Буга байланыштуу, улуттук банк - сом менен киреше тапкандарга АКШ акчасы менен ипотекалык насыя алууга тыюу салышы мүмкүн, - деп кошумчалады башкы банкир Толкунбек Абдыгулов.

Мындан тышкары, бюджеттик мекемелерде иштегендерге сом менен насыя берүү маселеси да каралып жатат. Бул багытта каржы министрлиги иш алып барууда. Ошондой эле, доллардын кунун жөнү жок көтөрүп жибергендерге коюлуучу айып пулдун суммасы да көтөрүлөт. Ал 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин болушу мүмкүн.

Айта кетүүчү жагдай, кыймылсыз мүлктөрдү сатууну бир гана сом менен жүргүзүү керек, - деди Абдыгулов. Кыргыз акчасын колдонбой башка валюта менен соода кылгандарга административдик чара колдонуу киргизилет.