Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүү. Бишкек шаарында ири долбоорлор ишке ашууда
Экономика
Аймактарды өнүктүрүү. Бишкек шаарында ири долбоорлор ишке ашууда

Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуудагы негизги кадамдардын бири бизнеске мыкты шарттарды түзүп, инвестиция тартуу. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Бишкек шаарында да бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Жаңы өндүрүш ишканалары ачылып, жумуш орундары түзүлдү. 

“Бишкексүт” Кыргызстанда сүт жана сүт азыктарын өндүргөн ири ишканалардын бири. Завод жыйырма жети жыл мурда Бишкек сүт комбинатынын базасында түптөлгөн. Өлкөдөгү алдыңкы ишканалардын катарын толуктаган заводдо сүт азыктарынын 49 түрү чыгат. Суткасына 300 тонна сүт кайра иштетилет. Учурда мында миңден ашык адам жумуш менен камсыз болгон.

Жумушчуларга болгон негизги талап - сапат. Дал ушул кадам нукура жана пайдалуу азыктарды жогорку сапатта өндүрүүгө өбөлгө түзөт. Ишканада микробиологиялык жана физико-химиялык эки лаборатория бар.

Былтыр завод сүттү кайра иштетүүнүн көлөмүн үч эсе арттыра турган жаңы технология менен иштей баштаган. Бул иштерге тартылган инвестициянын көлөмү 2 млн. долларды түзөт. Азыр ишкана кожоюндары чоң максаттарды ишке ашыруунун аракетинде. Ал эми Түштүк Кореядан келген инвесторлор түптөгөн бул ишкана медициналык пластырдын 500дөн ашык түрүн чыгарууну ниет кылып турат. Ошол эле учурда товардын түрүн арбытып, коңшу мамлекеттерге экспортко чыгууну максат кылып жатат. Баштапкы баскычта Бишкек шаарындагы бул ишканада 50 жумуш орду түзүлөт.

Шаардын Свердлов районунун аймагында 20га жакын ири ишканалар иштейт. Алты айдын жыйынтыгы менен район планды 12 пайызга ашык аткарган. Бул кеминде 12 миллион сомду түзөт. Жумуш ордун түзүп, жергиликтүү бюджетке салык төгүү жагынан натыйжалуу иштеп жаткан башка райондор дагы бар. Бүгүнкү күндө шаарда таштандыны кайра иштетүү жана жок кылуу негизги маселелерден болуп турат. Шаардык таштанды жайы 70-жылдардан бери иштеп жатканына карабай, мэрия жаңы полигонду куруу боюнча иш мерчем иштеп чыккан. Аны менен кошо таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу маселеси каралган.

Шаарды көрктөндүрүү иштери да жигердүү колго алынган. Чыгыш-5 кичи районунда инфраструктураны жакшыртуу боюнча жумуштар башталды. Бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен 19 млн. сом каралган. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында бир катар инфратүзүм долбоолору ишке ашырылууда. Ошол эле учурда аймактарда ишкерчиликти өнүктүрүүгө мыкты шарттар түзүлдү. Салык кодексине жеңилдетүүлөрдү бекемдеген өзгөртүү, толуктоолор киргизилди.