Жаңылыктар
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылды
Саясат
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылды

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов 29-октябрга чейин үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды. 

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылы Мегаком компаниясынын акцияларына сатып алууга көмөктөшүү үчүн орус жараны Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алды деген айып менен 2017-жылы камакка алынган. 2017-жылдын 16-августунда сот аларды күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 

21-августта Жогорку сот айыпталуучулардын жактоочуларынын арызын карап, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароого жөнөткөн. Биринчи Май райондук соту ишти кайра кароону 12-сентябрга белгиледи.