Жаңылыктар
Талас облусунун "Ынтымак кербени" ордолуу Ош шаарына барды
Кыргызстан жаңылыктары
Талас облусунун "Ынтымак кербени" ордолуу Ош шаарына барды

Облус жетекчилеринин демилгеси менен Эгемендик күнүнө карата ар бир аймактан ардактуу аксакалдар, жаштар, энелерден турган делегациялар "Ынтымак кербенин" түзүп, башка дубандарга сапар жасоодо. 

Жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөнү, аймактарды өнүктүрүү, жаштарды татыктуу тарбиялоо, эл биримдигин бекемдөө тууралуу пикир алышуулар болууда. Бул сапар Талас облусунун "Ынтымак кербени" ордолуу Ош шаарына барды. 

Меймандарды калаанын вице-мэри баштаган топ тосуп алды. "Ынтымак кербени" мында 3 күнгө уланат. Келгендерге Оштун эс алуучу жайлары тааныштырылат.