Жаңылыктар
Ош облусунун "Ынтымак кербени" Ысык-Көл дубанына келди
Кыргызстан жаңылыктары

Ош облусунун "Ынтымак кербени" Ысык-Көл дубанына келди. Меймандарды Ысык-Көл жергесинин жергиликтүү жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү "Тамчы" эл аралык аэропортунан тосуп алышты. 

Келген конокторго алгач Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын шайыр апалары ыр, күү тартуулашты. Андан соң, Ош облусунун делегаттары Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясында Ысык-Көл,Тоң райондору жана Балыкчы шаарынын өкүлдөрү менен жолугуп пикир алмашышты. 

Аталган кербен жергиликтүү актив менен кезигип аймактар аралык кызматташтыкты, ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө багытталган талкууларга катышат. Ош облусунунан келген делегация өкүлдөрүн Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов жетектеп келген.