Жаңылыктар
“Баластан” каналы ЮНИСЕФ менен биргеликте иш алып барат
УТРК жаңылыктары
“Баластан” каналы  ЮНИСЕФ менен биргеликте иш алып барат

Бүгүн,  ЮНИСЕФтин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн  жетекчиси Мигель Матеоз Муноз жана балдар каналдары боюнча эксперт, PRIX  JEUNESSE сыйлыгынын түптөөчүсү норвегиялык  Жан Виллем  Коомдук телерадиоберүү корпорациясына келип, балдардын контенти боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү.

ЮНИСЕФ, “Баластан” телеканалына жаңы контенттерди жаратууга жардам берет.  Бул жолугушуудан мурда ЮНИСЕФ атайын “Баластан” каналынын кызматкерлерине, операторлорго жана башка кызматкерлерге эки күндүк семинар өткөн. 

Семинарда мультфильмдерди жана балдар программаларын кантип тартууну, жалпы эле балдар каналынын имиджи тууралуу кенен сөз болгон. 

Норвегиялык эксперт контент жаратканда чоң кишинин көзү менен эмес, балдардын көзү менен кароо керектигин айтты. Ошондой эле  ал, программаны бир эле балдарга гана кызыктуу кылуу менен чектелбестен, чоңдордун да назарын бура ала турган контенттерди жаратуу керек деп тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеп-кеңештерин берди.

ЮНИСЕФ, “Баластан” каналына балдардын ден соолугуна зыяндуу нерселерди реклама кылуудан узак болууну сунуштап, спортту жана туура тамактанууну пропагандалоого чакырды.

Бул кызматташуу БУУнун жана КТРКнын меморандумнунун негизинде жүрүп жатат.