Жаңылыктар
Борбор калаада "Ынтымак" сейил багы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада "Ынтымак" сейил багы ачылды

Өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата шаар тургундары жана анын меймандары үчүн жагымдуу жаңылык. Борбор калаанын түштүк тарабындагы Чыңгыз Айтматов жана Апсамат Масалиев проспектилеринин кесилишиндеги эң чоң сейил бак ачылып, ишке берилди. Сейил бактын ачылыш аземине бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, өз сөзүндө өлкө башчысы Бишкек шаарынын жашыл шаар деген аталышын кайрадан кайтарып беребиз деп, баса белгиледи. Президенттин сунушу менен сейил бак - "Ынтымак багы" деп аталмай болду.

Жаңы сейил бактын расмий ачылышы бүгүн болгону менен шаардыктар ага бир нече күн мурда эле келе башташкан. Бүгүн да таң эртелеп эс алуу жайында сейилдеп жүргөндөр жүздөп саналат.

Эс алып жүргөн шаар тургундары менен бирге сейил бактын ачылышына даярданып жаткан ар кандай чыгармачыл топтордун оюн зооктору көңүлдү бурат. Ырчы-чоорчулар, актёрлор номерлерин аткарып, бир четинде сүрөтчүлөр атайын көргөзмөгө даярдык көрүшүүдө.

Сейил бак этно стилде салынган. Ичинде эки балдар аянтчасы, спорт менен машыгуучу бурч, велосипед жана жөө адамдар үчүн жолдор каралган. Жарыктандыруу, бак дарактарды сугаруу системасы, дегеле инфраструктураны сапаттуу жасоого көңүл бурулуптур.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул жерге ушул жылдын апрель айында келип, сейил бактын долбоору менен таанышып, курулушка капсула салган. Мына ошондо калаа жетекчилиги эс алуу жайын өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү ниетин айткан. Ой-максат орундалып, майрамга бир күн калганда жаңы сейил бак калаа тургандары үчүн чоң белек болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков бишкектиктерди жана борбор калаанын конокторун шаардын турмушундагы маанилүү иш-чара менен куттуктады. Өлкө башчысы тынымсыз аракеттен улам эс алуу багын кыска мөөнөттө жана сапаттуу курууга мүмкүн болгонун белгилеп, кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Убагында Фрунзе шаары өзүнүн тазалыгы жана жашыл шаар катары Советтер Союзуна атак-даңкы чыккан. Бул тууралуу айткан президент, шаарды жашылдандыруу аракети мындан ары дагы үзгүлтүксүз уланып, Бишкекке жашыл шаар наамы кайтарылып берилерин белгиледи. Айтымында, илгери мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери артка кайтарылып, мындан сырткары экологияга дыкат көңүл бурулат.

Өлкө башчысы Бишкектин жогорку зонасы толугу менен спорт, эс алуу жайына айланарын баса белгиледи, буга багытталган иш аракеттер азыртадан башталды.

Сейил бакка "Ынтымак багы" деген ат берилди. Мындай сунушун өлкө башчысы айтып, эс алуу жайы жалпы элдин ынтымак, биримдигин жана достугунун ордосу болушуна тилектештигин билдирди.

Сейил бак эми гана ишке берилди. "Бишкекжашылдандыруу" ишканасынан билдиришкендей, эми эс алуу жайына массалык түрдө бак тигүү өнөктүгү башталмакчы. Аны менен катар сейил бакты кеңейтүү иштери жүргүзүлөт.

Бул өнөктүктү өз кезегинде Президент Сооронбай Жээнбеков баштап берди десек болот. Расмий ачылыш аземинен кийин өлкө башчысы эс алуу жайдын кире беришине бак отургузду.

Андан соң Президент жаңы парктын аймагын кыдырып, жаш таланттардын өнөрлөрүнө күбө болду. Балдар менен сүрөткө түшүп, шаар тургундары менен баарлашты. Калаа башчысы сейил бактын өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруп, өлкө башчысына тааныштырды. Сүрөт көргөзмөгө катышып жаткан балдар Президентке өздөрүнүн эмгектеринен белек кылышып, айрымдары өлкө башчысынан кол тамга алууга да үлгүрүштү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, сейил бактын аянты дагы да кеңейтилет. Жашылдандыруу, өзгөчө стилде кооздоо иштери улантылмакчы.

Ишке берилген сейил бак, эс алуу жайларына жарандар да аяр мамиле жасап, ага өз үйүнө, же короосуна кылган мамилени жасоосу керек. Мындай пикирин билдирген президент, жалпы аракеттер менен гана борбор калаага кооз, жашыл келбетин кайтарып беребиз деп баса белгиледи.