Жаңылыктар
"Ынтымак кербени" өлкө дубандарын кыдырууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Ынтымак кербени" өлкө дубандарын кыдырууда

Облус жетекчилеринин демилгеси менен Эгемендик күнүнө карата ар бир аймактан ардактуу аксакалдар, жаштар, энелерден турган делегациялар, "ЫНТЫМАК КЕРБЕНИ" деп, башка облусттарга сапар жасоодо. Жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөнү, аймактарды өнүктүрүү, жаштарды татыктуу тарбиялоо, эл биримдигин бекемдөө тууралуу пикир алышуулар болууда. Биримдикке, ынтымакка үндөгөн "Ынтымак кербени" Ысык-Көл облусунда.

Ынтымака чакырган "Ынтымак кербенинин" Ош облусунун ардагерлер, аялдар кеңешинин, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер жалпы кырк адам келишкен. Аларды Ысык-Көл,Тоң райондору жана Балыкчы шаарынын өкүлдөрү таң эрте "Тамчы" эл аралык аэропортунан жылуу тосуп алышты. Келген конокторго алгач Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын шайыр апалары ыр, күү тартуулашты.

Андан соң Ош облусунун делегаттары Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясында Ысык-Көл, Тоң райондору жана Балыкчы шаарынын өкүлдөрү менен жолугуп пикир алмашышты. Аталган кербен жергиликтүү актив менен кезигип, аймактар аралык кызматташтыкты, ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө багытталган талкууларды ортого салышты. Пикир алмашуу өлкөнүн ынтымагын мындан да бекемдөөгө, улуттар аралык ынтымакка мыкты мамиле кылуу, ар кандай бөлүнүүлөргө бөгөт коюуга багытталган. Жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөнү, аймактарды өнүктүрүү, жаштарга татыктуу тарбия берүү, эл биримдигин бекемдөө тууралуу пикирлер айтылды.

Эки облус өкүлдөрүнүн жолугушуулары өлкөнүн ынтымагын мындан да бекемдөөгө, улуттар аралык ынтымакка мыкты мамиле кылуу, ар кандай бөлүнүүлөргө бөгөт коюуга багытталган. Жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөнү, аймактарды өнүктүрүү, жаштарга татыктуу тарбия берүү, эл биримдигин бекемдөө тууралуу пикир алышуулар болот. Ош облусунун өкүлдөрү Каракол шаары жана Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун өкүлдөрү менен да жолугат.