POST1RIGHT
Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жаңы мезгилди жаңы өзгөрүүлөр менен ачат. КТРКнын үй-бүлөсүндөгү бардык каналдар менен радиолордогу жаңылыктар Байкоочу кеңешке сунушталды. Сентябрдын башынан тарта Коомдук каналдын бардык телеканалдары жаңы студия, жаңы долбоор менен баштамакчы. Жаңыланууга канал жай айлары даярдык көрдү жана көрүүчүлөрдүн көңүлүнө төп келүүчү көрсөтүүлөрдү сунуштоодо. Жаңы өзгөрүүлөрдү КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналы баштап берет жана алгачкы жаңы үлгүдөгү эфир 31-августта обого чыгат.
КТРКнын жаңы эфирдик телесезону, сентябрдан башталып кийинки жылдын апрель-май айларына чейин уланат.
Жаңылануулар Коомдук каналдын эфириндеги берүүлөрдү сапатына жараша ылгап, көрөрмандардын көңүлүнө төп келген көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында жасалууда. Каналдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу Байкоочу кеңешке жаңы мезгилдеги жаңылыктарды тааныштырып жатып, пландоо иштерине киргизилип жаткан жаңы ыкмалардын бири - бул эфирдик торчону программалоонун дүйнөлүк стандарттарына ылайык жүргүзүү экенин белгиледи.
Тактап айтканда, көрөөрмандарыбыз дем алып жатканда көңүл ачуучу берүүлөргө, ал эми иш күндөрү маалыматтык жана коомдук-саясий маанидеги көрсөтүүлөргө көңүлдү бурат.
Каналдын эфирдик торчосундагы прайм-тайм жана офф-тайм изилдөөлөрдүн негизинде аныкталып, ага жараша каналдын негизги теледолбоорлору торчого жайгаштырылат. Бардык берүүлөр көрөрмандын күн тартибине ылайыкталган.
Мындан тышкары, эфирдик торчо түзүүдө туурасынан жана тикесинен пландоо ыкмасы пайдаланылган.
Буга ылайык бир жанрдык категориядагы берүүлөр көрөрмандардын телекөрүү адатына негизделип, жума ичинде бир түз тилкеде сунушталат.
Коомдук каналдын эң чоң эки студиясынын бири. Мындан ары бул залда бир эмес, туруктуу төрт студия иштейт. “Замана” таңкы программасы, маалымат редакциясынын “Ой-Ордо” жана “Эл билет”, ошондой эле “Маданият. Тарых. Тил” каналынын “Аруузат” программасы дал ушул студиядан эфирге чыгат. Мунун баары техника менен декорациянын бузулбашы үчүн жасалды. Мындай ыкма дүйнөлүк тажрыйбадада колдонулат.
Коомдук каналдА рейтинги жогору "Ой-Ордо" программасы жаңы жасалгада чыгат. Ошондой эле ток-шоунун мазмуну да өзгөрүүдө. Мындан сырткары, Агрочарба, Кайдасын берүүлөрү жаңы форматта даярдалат. "Эл билет" социалдык ток шоусу да көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун алат деп күтүлүүдө.
"Маданият. Тарых. Тил" каналында да бир катар жаңы программалар кирди. Айымдар үчүн "Аруузат" берүүсү көрсөтүлөт. "Ким макул" долбоорун жубайлар манасчы Дөөлөт Садыков менен Ырыс Окенова даярдайт. "Аккордеон сыздайт", Кеттик, Абаз жана башка берүүлөр эфирдик торчосуна кирди.
КТРК спорт каналы да көрүүчүлөрүн жаңы долбоорлор менен кубантканы турат. Алардын бири "Атам, апам жана мен" деп аталат. Көк бөрү оюну көрүүчүлөрдүн өтүнүчүнүн негизинде жаңы деңгээлде көрсөтүлөт.
Музыка каналында болсо 15-сентябрда Централ Азия Гот Тэлент эл аралык шоу программасы старт алат. Мыкты талант ээлери эфирде таймашат. Баластан да бөбөктөрдү кубантат. Телеканал "СТС кидс" менен кызматташуу келишимине кол койду. Мындан ары ал каналдын мультфильмдери кыргыз тилине которулуп берилет.
Жаңы мезгилди алгачкылардан болуп "Ала-Тоо 24" каналы 31-августта ачат. Сезон келээрки жылдын май айында жыйынтыкталат. Июнь айында кийинки эфирдик телемезгилге даярдык иштери башталат. Бул убакытта жаңы долбоорлордун сынагы өткөрүлүп, мыктылары Коомдук Биринчи каналдын эфирдик торчосуна кирүүгө укук алат.