Жаңылыктар
Сыйлыкка татыктуу сыймыктуу инсандар
Маданият
Сыйлыкка татыктуу сыймыктуу инсандар

Жаңыдан гана мамлекет башчысынын жарлыгы менен 2-даражадагы “Манас” орденинин ээси болгон залкар комузчу Самара Токтакунова өнөрүн баалаган күйөрмандарына жана жалпы эле Кыргызстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап Чайкама күүсүн арнады.

Кыргыз маданиятынын жүзү, элибиздин чексиз байлыгы болгон комуз - бул менин жашоом, бүткүл өмүрүм дейт Самара Токтакунова. 60 жылдан бери жатсам-турсам колуман түшпөй жанымда. Талантыма дем берип, багыт берген ата-энем менен өмүрлүк жарым Чалагыз Исабаевге чексиз ыраазымын дейт.

Атай, Карамолдо, Ыбырайлардын черткен күүлө­рүн так өзүндөй аткарып, күү умайы атыккан Самара Токтакунова кыргыздын комузун бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанытып, даңазалап келет. Анын талантын тааныбаган, черткен комузун укпаган бир да өлкө калган эмес. Жада калса алыскы Исландия, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдүн эли өнөрүн терең баалап, мамлекет башчылары өздөрү гүл сунгандыгын айтып эскерет. Комуз менен өзүнүн жү­зүн эмес, бүтүндөй кыргыз элинин жүзүн көрсөтүп келгенине жана кыргыз болуп төрөлүп, комуз кармап калганына ал сыймыктанаарын айтат.

Ушул жылдын июнь айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин президенттеринин алдында да Атай Огонбаевдин “Маш ботойун” шакирттери менен ойноп, таланты менен көрүүчүлөрдү тамшандырып, салтанаттуу иш-чараны көркүнө чыгарды.

Советтер Союзунун Эл артисти, 2-даражадагы “Манас” орденинин ээси Самара Токтакунова учурда К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору. Ал таптап тарбиялаган шакирттеринин алды өлкөнүн эмгек сиңирген артисти болсо, арты маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү.

Мамлекет башчысынын жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамына татыган таланттуу актриса Калича Сейдалиеваны кесиптештери куттуктап тосуп алышты.

Кезинде залкарлар отурган бул бөлмодо азыр Калича Сейдалиева отуруп даярданат. Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Гүлшара Дулатова, С.Кумушалиева, Ж.Сейдакматова, М.Далбаева сыяктуу улуу таланттардын кенешин угуп, жолун улантып жатканына сыймыктанат.

Ушул Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын ыйык сахнасына эн биринчи жолу Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик көркөм-театралдык институтун окуп буткондон кийин 1979-жылы 23 жашында чыккан. Ошондон бери 40 жыл аралыгында коптогон спектаклдерде мыкты ролдорду жаратып келет.

Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” чыгармасы боюнча түркмөн режиссёру Какажан Ашыров койгон бул спектаклде “Алтундун” ролун эң мыкты аткарып көрүүчүлөрдү ыйлаткан таланттуу актриса Калича Сейдалиева. Ийнине жеткире ойногондугу үчүн “Эне эрдиги” сыйлыгын алган.

Көбүнчө трагедияга жакын образдарды жараткан Калича Сейдалиева ар бир ролду берилип, журогун аркылуу откорсон гана коруучуго жетип эл баалайт дейт.