Жаңылыктар
Албек Ибраимов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты
Коррупция
Албек Ибраимов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Албек Ибраимов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Мурдагы мэр мындай кадамын өзүнүн жактоочуусунун суроолоруна башка айыпталуучулар жооп бербей жатышканы менен түшүндүрдү. Ибраимов Бишкектин түштүк тарабындагы жер тилкелеринин жеке тараптарга мыйзамсыз берилишине байланыштуу иште суралып жаткан. 

Мындан сырткары ал "Дастан" заводун жетектеп турган учурда өзүнө ири көлөмдө сый акы ыйгарып алган деп да айыпталган. Ал эми дагы бир мурдагы калаа башчысы Кубанычбек Кулматов болсо мектеп салуудагы мыйзам бузууларга айыпталып жатат. Баш калаанын мурдагы башчыларынын иши Ленин райондук сотунда каралууда. Кийинки отурум 2-сентябрда уланат.