Жаңылыктар
Өлкөдөгү курулуш иштерин жандандырууга белсенген жаш адис
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү курулуш иштерин жандандырууга белсенген жаш адис

Кыргызстанда акыркы жылдары курулуш тармагы жанданды. Аны менен кошо турак-жай жана ири курулуштардын долбоорун жасачу архитекторлорго суроо-талап жогорулаган.

Жаш архитектор алгачкы эмгегин киндик каны тамган жерге арнагысы келген. Тактап айтканда Токтогул суу сактагычын кесип өтчү көпүрөнүн долбоорун даярдаган.
Торкен айылынан башталган көпүрө, суу сактагычтын үстү аркылуу өтүп, Камбар-Ата шаарчасына такалат. Эгер долбоор ишке ашса, анда 40 чакырымдай жол кыскарат. Архитектор долбоорум келечекте ишке ашат деп кыргыз элинин жашоо-шартына ылайыктаган. Жол төрт тилкеге бөлүнгөн, мал айдачу, жөө адам басчу орундар каралган.
Алтынбек быйыл Архитектура университетин ийгиликтүү, кызыл диплом менен аяктады. Билим алып жүрүп өлкөдө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн долбооруна дагы колу тийген. Жаш адис ишке шымаланып киргени турат. Эми алган билимин журтума арнайм, чет жактарга кандай гана сунуштар болбосун өлкөдө эмгектенем дейт жаш адис.
 

 Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети толук кандуу архитекторлорду даярдаган башкы окуу жай. Мында жылына 300гө жакын студент аяктайт. Алар өлкөдөгү облус, район жада калса чет жерлерге чейин барып иштейт.
Акымбеков Абдыкалыков, Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору:

“Бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын ичинде эмгектенет. Коңшу Казакстан, Россия барып иштейт. Атүгүл Европа жана Америкада иштеп жаткан бүтүрүүчүлөр бар".
Эл-жеринин өнүгүшүнө салымын кошууну каалаган жаштар аз эмес. Бирок баралына жеткенче ар кыл тармакта эмгектенип, такшалып, тажрыйба топтогонго туура келет. Кесипкөй адистин көзу менен карай турган деңгээлге жеткенде гана алар Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо алышат.