Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленүүдө. Иш-чаранын расмий бөлүгү Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өлкө башчысы жалпы кыргызстандыктарды эгемендиктин 28 жылдыгы менен куттуктап, өз сөзүндө улуттук биримдигибизди, ынтымагыбызды бекемдеп, өлкө тагдырын, эл тагдырын баарынан жогору коюп, тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы!,-деп белгиледи. 

Эркиндик - ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт экенин айтып, урпактан урпакка өтүп келген көөнөрбөс мурас деп белгиледи. 

Көз карандысыздык күнүнүн расмий бөлүгүнө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын жазуучулар, Кыргыз эл баатырлары, мурдагы жана азыркы парламент депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. 

Иш-чара маданий концерттик программа менен коштолуп, анда эгемен Кыргызстан мамлекети, анын элдеринин ынтымак биримдиги даңазаланып, кезинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер даңкталды.