Эгемендик күнүнө арналган көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогунун жогорку лигасында "Достук" командасы жеңүүчү болду. Бүгүн өлкөдөгү эң мыкты делген Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасы беттешип, Достук 3:2 менен атаандашын жеңди. Беттеш Чолпон-Атадагы ат майданда болду. Жогорку лиганын жеңүүчүсүнүн баш байгеси 1 млн сом.
Экинчи орунга 500 миң сом. Президенттин кубогунун биринчи лигасында Талас облусунун "Бакубат" командасы жеңди. Финалдык таймашта "Бакубат" Чүйдүн "Ак-Суу" командасын 9:0 эсебинде жеңип алды. Көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 26-августта башталган. Байге үчүн жогорку лигада алты, биринчи лигада 15 команда ат салышты.