Жаңылыктар
Бишкекте салтка айланган көргөзмө-жарманке өттү
Маданият
Бишкекте салтка айланган көргөзмө-жарманке өттү

Эгемендүүлүк майрамынын урматына Бишкекте салтка айланган көргөзмө-жарманке өттү. Ал Кыргызстан элдеринин ассамблеясы тарабынан уюштурулган. Жарманкеде ар улуттун өкүлдөрү тамак-аш, кийим-кече, колго жасалган буюмдарын элдин назарына коюшту.

Жарманкеге Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын 20га жакын диаспора өкүлдөрү катышты. Жарманкеде буюм-тайымдар, улуттук тамак аш коюлуп, концерттик программалар менен коштолду.

Айнагүл эже 25 жылдан бери жарманкеге катышып келет. Ал өз колунан чыккан буюмдарды көргөзмөгө койгон.

Кыргызстанда жүздөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын ар бири өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет. Айта кетсек, биринчилерден болуп биздин өлкөдө Кыргызстан элдеринин ассамблеясы түзүлгөн.

Мамлекет барган сайын этностор аралык ынтымакты чыңдоого күч үрөп келет. Кыргызстан ар улуттун өкүлү менен күчтүү. Улуттук биримдигибизди, ынтымагыбызды бекемдеп, өлкө тагдырын, эл тагдырын баарынан жогору коюп, тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы!