Жаңылыктар
Ысык-Көлдү сагынган ак куу менен кыргыздын шумкары кездешти!
Маданият
 Ысык-Көлдү сагынган ак куу менен кыргыздын шумкары кездешти!


Он үчүнчү Эл аралык кыргыз-казак акындарынын айтышында Жеңишбек Жумакадыр жана казактын акын кызы Айнур Турсунбаева баш байге алды. Эл аралык айтыш Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын 30 жылдыгына жана ак таңдай акын Кыргыз ССРинин эл артисти  Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдык маарекесине арналды.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында дүркүрөтө кол чаап, казак-кыргыз төкмөлөрүн кыйкырык сүрөөнгө алып коштоп турган миңдеген айтыш күйөрмандарынын пикири калыстар тобунун баасына бап келип турганы байкалды. Бул жолу да кыргыз-казак акынына бирдей кош байге сайылып, баш байге ар бирине 250 миң сомдон, ошондой эле эки күндүк айтышта өнөр сынашып чыккан жалпы Кыргызстандагы 46 акындын ичинен тандалган мыкты деген 8 кыргыз жана Казакстандан келген 8 төкмө, 16 акындын ар бирине 40 миң сомдон, 1-орунга 200миң сом, 2-орунга 150 миң жана 3-орунга 100 миң сомдон кош байге ыйгарылды.

Өз кезегинде баш байге алган Жеңишбек Жумакадыр, кадимки залкар Алымкул Үсөнбаевдин ысымын даңазалаган айтыш экинчи жолу ак жолтой болгонун эске  салды.

Эми XIII жолу өткөн эл аралык айтыштын расмий бөлүгүнө келсек, бул ирээт элдик өнөрдү колдоп-коштогон жогорку деңгээлдеги мамлекеттик жетекчилер арбын болду. Ачылышын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова баштап берсе, финалдык бөлүгүн көрүп отурган бир катар депутаттардын ичинен Садык Шернияз менен Каныбек Иманалиев демөөрчүлүк кылганы айтылды. Сыйлык тапшыруу учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков куттуктоо сөз сүйлөп, уюштуруучуларга жана төкмөлүк өнөрдүн учугун уланткан эки элдин акындарына ыраазчылылыгын билдирди. 

Айтыш күйөрмандарынын алдына чыккан учурда, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өлкөнүн көз карандысыздыгы жана деморкатия табиятын эл жүрөгүнө орнотуп келген төкмөлүк өнөрдү сактоого чакырды.

30-31-августта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында өткөн XIII эл аралык кыргыз-казак айтышы  майрам шаңын көркүнө чыгарып турду. Эске сала кетерибиз баш байгеден тышкары,  “Айтыш” коомдук фонду белгилеген 25 миң сом өлчөмүндөгү 4 сыйлык тапшырылды. Атай кетсек Эстебес Турсуналиев атындагы сыйлык казак акыны Мухтар Ниязовго,  Ашыралы Айталиев сыйлык казак акыны Балгынбек Имашовго, Тууганбай Абдиев сыйлык Азамат Болгонбаевге жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев атындагы  сыйлык жаш акын Эламан Келдибековго ыйгарылды. Эл аралык айтышты бул жолу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен “Айтыш” фонду, ак таңдай акын, төкмө, Кыргыз ССРинин эл артисти Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдык жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдык маарекесине арнап уюштурган. Андыктан  Мамлекеттик тил боюнча   улуттук комиссиясы 2 кыргыз акынга “Кыргыз тили” төш белгисин тагып жана 2 акынды ардак грамота менен сыйлады.

“Биринчи радио”   Зинакан Кайыпова