Кыргызстандын Өкмөтү менен "Кумтөр" алтын кенин иштетип жаткан «Centerra Gold Ink» компаниясынын ортосунда түзүлгөн стратегиялык келишим күчүнө кирди. Эки тараптын узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрүнөн кийин Өкмөт «Centerra Gold» компаниясынан мамлекеттин эсебине түшчү каражаттын көлөмүн көбөйтүүгө жетише алды. Эң негизгиси экологиялык маселеге байланыштуу жагдайлар жөнгө салынды.
Эки фондго түшө турган каражатты тиешелүү долбоорлорго максаттуу пайдалануу үчүн фонддордо Байкоочу кеңештер түзүлөт. Бул фонддордун артыкчылыгы бир катар көйгөйлүү маселелер чечилип, бир катар мыкты долбоорлор ишке ашырылат. Мисалы Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жүзөгө ашыра турган артыкчылыктуу багыттарды аныктаган. Бул өлкөдөгү саркынды суу тазалоочу курулмаларды, таштанды жайларын иретке келтирүү сыяктуу , экологиялык долбоорлор.
Ошол эле учурда тараптар Кумтөр кенин иштетүүнүн мөөнөтүн узартууга да жетишти. Анын алкагында геологиялык чалгындоого жүргүзүү макулдашылды. Буга 24 млн доллар бөлүнгөн. Бул маселелерди иликтөөнүн натыйжасында кендин иши 5-6 жылга узартылат. Серепчилер стратегиялык келишимде экологиялык маселенин негизги орунга чыкканы туура деп баалап жатышат. Кыргызстандагы тоо- кенчилер жана геологдор биримдигинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин айтымында кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин күчүнө кирген макулдашууну ынтымак келишими деп атаса болот-дейт. Талдоочулардын пикиринде өлкөнүн экономикасы үчүн Кумтөрдүн мааниси чоң. Кумтөр кенинин ИДӨнүмдөгү үлүшү 9%га жакын, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 18%га жакыны «Кумтөргө» таандык. Мындан улам Кумтөр кенин иштетүү керек-дейт адистер.