Жаңылыктар
Бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты
Кыргызстан жаңылыктары
Бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

Терең ойлонгон адам жашоосунда талбай эмгектенүүнү, элине, Мекенине чын дилден ак кызмат өтөөнү жана артында өчпөс из калтырууну максат кылып келишет. Мына ушундай эмгеги менен өзгөчөлөнгөн татыктуу күжүрмөн инсандарга мамлекет башчысынын жарлыгы менен мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Алардын бири "Даңк" медалынын ээси - Баткен облусунун Кереге-Таш айылынын тургуну Мурзапаша Маматов. Элеттеги жердештерине шарт түзүп берүү максатында Кадамжай районунда Ак-Корум - Кереге-Таш ирригациялык каналын куруу боюнча социалдык маанилүү долбоорду демилге кылып, аны ийгиликтүү ишке ашыра алгандыгы мактоого арзыйт. Сегиз чакырымга жакын каналды ашар жолу менен салган күжүрмөн замандаштардын аракети -элдердин биримдигинин, ынтымактуулугунун далили.

Мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө бүтүндөй өмүрүн арнаган улуу инсандардын эмгеги эске алынып, көзү өтүп кетсе дагы, эң жогорку даражадагы сыйлык ыйгарылганы жакшы жышаан. Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында жекече сиңирген көөнөрбөс эмгеги, мекенчилдиги жана Ата Журтка чексиз берилгендиги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмерлер Султан Ибраимовго жана Төрөбай Кулатовго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Өмүрү өрнөк инсандардын сыйланышы тууралуу чечимге - Кыргызстандын эли ыраазы.

Кырк жылдан бери элдин саламаттыгы үчүн кам көрүп келген Сузак районунун тургуну Көчкөнбай Маманов да Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына арзыды. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Октябрь аймактык ооруканасында эмгектенип келген женил колдуу дарыгер бейтаптарга жардам берип, эл үчүн кызмат кылуудан ырахат алат. Жаңы алган сыйлыгы ишинин илгерилешине дем берет деген үмүттө.

Саламаттыкты сактоону, калкты медициналык тейлөөнү жана медицина чөйрөсүндөгү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө катышкандыгы үчүн саламаттык сактоо тармагынын чет өлкөлүк бир катар кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын урматына арналып, аскердик милдетин үлгүлүү аткарган бир катар аскер кызматчылары да мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Ыйгарылган сыйлык алардыкы болсо - сыймык жалпы элдики.