Жаңылыктар
Замирбек Аскаров: "Ишкерлер мамлекет менен активдүү кызматташуусу керек"
Экономика
Замирбек Аскаров: "Ишкерлер мамлекет менен активдүү кызматташуусу керек"

Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ишкерлер мамлекет менен активдүү кызматташуусу керек. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Талас облусундагы ишкерлер менен жолугушканда билдирди.

Быйыл аймактардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 2 млрд. сом бөлүндү. Бул программа башка каржылоо программаларынан өзгөчөлөнүп турат. Долбоордорду тандоо критерийлери - бул алыскы аймактардын тургундарынын каражатка жеткиликтүүлүгү, жергиликтүү чийки затты жана эмгек ресурстарын колдонуу. 

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров ишкерлерден долбоорлорду кабыл алуу башталып, кеңеш берүү үчүн жер-жерлерге «Кепилдик фонд» ААК, «РСК Банк», «Айыл Банк» жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду адистерин жибергенин айтты. Андан кийин вице-премьер-министр Манас районундагы Арал айылында иштебей турган «Талас Таш» ишканасын көрдү. Буга чейин завод мрамор плиталарын чыгарчу. 

Жакында эле Инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду тандоо жана аймактарды өнүктүрүүдө 2 млрд. сомду өздөштүрүү боюнча өнүктүрүү программасынын сынак комиссиясы ишканадагы өндүрүштү жандандыруу боюнча долбоорду жактырды.