Жаңылыктар
2-сентябрь жалпы өлкө аймагында билим берүү күнү
Билим
2-сентябрь жалпы өлкө аймагында билим берүү күнү

Бүгүн 2-сентябрь жалпы өлкө аймагында билим берүү күнү белгиленип жатат. Быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туш келгендиктен, окуу жылынын башталышы бир күнгө жылдырылды.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул жылы жалпы өлкө аймагы боюнча 2265 мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр. 

Жаңы окуу жылына саналуу күндөр калганда базарда окуу куралдарын, балдардын кийимин сатып алгандар көбөйдү. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кара көк, боз жана кочкул кызыл форма сунушталган. Мындан сырткары ак менен кара кийимге да уруксаат берилет.