Жаңылыктар
Унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү бүгүн аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү бүгүн аяктайт

Бүгүн, 2-сентябрда унаа, турак-жай жана батир, ошондой эле, жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Ушуга байланыштуу, салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөөгө жетишпей калган жарандарды бүгүн кечкиге чейин салыктардын эсептелген суммасын төлөөгө чакырат.

Салыктарды банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг, мобилдик капчы аркылуу төлөөгө болот.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.

Кеңири маалыматты 1240 телефон номуру же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.