Жаңылыктар
Айланы кетирген доллар...
Экономика
Айланы кетирген доллар...

Доллар күн сайын тарыхий максимумду багындырып келүүдө. Улуттук Банк өткөн аптада акча алмаштыруучу жайлардагы доллар кунунун өсүшүнө күнөөлүүлөрдү тапты. Баадагы башаламандыкты чыгарган бир коммерциялык банктын казыначысы экени белгилүү болду. Ал доллар куну 75 сом болуп турганына карабастан, баасын 78 сом кылып көрсөткөн. Андан сөн жашыл акчанын баасы 79 сомго чейин чыккан. Мындан улам доллардын баасынын өсүшүнө өлкөдөгү айрым каржылык көз боемочулар да кескин таасир этери жөнүндө пикирлер айтыла баштады.

Албетте, айрым замандаштарыбыз “жашылбай” деп тергеп алган доллардын баасынын өсүшү биринчи кезекте жөнөкөй элди азапка салары турган иш. Көптөгөн мекендештерибиз доллар менен алып алган насыяларын төлөй албай, азабын тартууда. Мындан улам, президент Алмазбек Атамбаевдин талабы менен эмки жылдан тарта Улуттук банк ипотекалык насыяларды доллардан сомго айландырып берүү механизмдерин караштырууда.

Каржы базары жакшы өнүгө элек Кыргызстан өз акчасын катуу көзөмөлдөөгө жетише элек кичинекей өлкө. Жакынкы чет өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык окуялар, алыскы чет өлкөлөрдөн келген толкундар, албетте, биздин каржы маселебизге таасир этпей койбойт. Толугу менен Мээрим Бакир кызынын материалында: