Жаңылыктар
Кумтөрдүн иши текшерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөрдүн иши текшерилүүдө

Курамына Башкы прокуратура, УКМК, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү кирген мекемелер аралык комиссия «Кумтор Голд Компани» ишканасындагы каржылык мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы кабарлады. 

Учурда тергөөчүлөр тарабынан Кумтөрдүн имаратында кылмыш ишин иликтөөдө кереги тийе турган документтерди, каражаттарды алуу максатында тинтүү иштери жүрүүдө. Жакынкы арада иликтөө иштери жетекчилердин жана башка кызматкерлердин катышуусунда болот. 

Эске салсак, 2014-жылдын 28-майында тергөө органдары «Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагасы Дилгер Жапаровду кармаган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1-Май райондук соту “Кыргызалтындын” мурдагы башчысы Дилгер Жапаровду күнөлүү деп таап 3 жылга жеңилдетилген абак жайына кескен.