Жаңылыктар
ЖЭБ боюнча соттук отурум уланууда
Коррупция
ЖЭБ боюнча соттук отурум уланууда

Бишкек Жылуулук берүү борборундагы коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүндө күбө катары Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы төрагасы Турдубек Мамбетов суроолорго жооп берди.  Мамбетов ЖЭБди жаңылоо учурунда сметалык долбоорду сураганда ал жок болуп чыкканын билдирди. 

Эксперттердин тыянагы боюнча ЖЭБди модернизациялоо долбоорун даярдоодогу, кол коюудагы жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом өлчөмүндө зыян тарткан. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Буга чейин 90го жакын күбөнүн ичинен тогуз күбө калганы айтылган.

Кармалгандардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.