Жаңылыктар
УКМК: Тамекини мыйзамсыз ташуу иштерин жүзөгө ашырган фактылар аныкталды
Коррупция
УКМК: Тамекини мыйзамсыз ташуу иштерин жүзөгө ашырган фактылар аныкталды

Тамеки заттарын мыйзамсыз сактоо, сатуу жана ташуу иштерин жүзөгө ашырган фактылар аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдиргендей, ушул жылдын 1-сентябрында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Mercedes Sprinter” маркасындагы унаа кармалган.

Аны текшерүүдө 79 кутудан турган акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы тамеки блоктору табылды.

Товар Кыргызстандын жаранына таандык болгон. Ал 2017-жылы Бажы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана Салык кызматтарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Орусия жана Казакстанга мыйзамсыз жолдор менен ташып, сатып турган.

“Бишкек шаарында жайгашкан сактоочу кампасын тинтүү  учурунда акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы 5 миң куту тамеки табылды. Алдын ала маалымат боюнча кармалып, табылган товарлардын  баасы болжол менен 70 млн. сомдон же 1 млн. доллардан ашык сумманы түзүп, жыйынтыгында мамлекеттик  бюджетке 24 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган”, - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.