Жаңылыктар
Жаш акындын китебинин бетачары Москвада болуп, ал мигранттарга арналды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаш акындын китебинин бетачары Москвада болуп, ал мигранттарга арналды

Турмуштун өйдө ылдыйы, жакындарынан айрылуу, Мекенге болгон сагыныч, кусалык. Жашоонун оош-кыйышын камтыган ыр саптары кагаз бетине түшүрүлүп, китеп болуп басылып чыкты. Жаш акын Урмат Дөнөнбаевдин китебинин бетачары Москвада болуп, мигранттарга арналды.

Кыргыз поэзия кечеси Москвада. Мигранттын үнү. Кесиби боюнча энергетик, акын Урмат Дөнөнбаевдин “Жаңырык” атту китебинин бет ачар аземи болуп өттү. 

Каарманыбыз алгачкы ырын 7-класста окуп жүргөндө жазыптыр. Ал Талас облусунун Талас районуна караштуу Арал айылында өткөн бактылуу балалыгын айтып түгөтө албайт. Атасы айыл өкмөтүндө жер адиси, экономика адиси болуп иштесе, апасы көп жыл мугалим болуп, кийин 10 жылдай мектеп директору болуп эмгектенген.  Апасынын айыккыс илдетке чалдыкканын укканда, анын эч нерседен бейкапар өтүп жаткан күндөрү, бир заматта азапка айланганын айтат.

Апасын жерге берген соң, 3 жылдан кийин күйүтүнө чыдабай ооруп калган, атасынан айрылат. Баягы бактылуу үй бүлө жок, чоң там аңгырап, жалгыз иниси менен калат. Билимин улантып, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктайт. Жакшы жар жолугуп, оор күндөрүндө бирге болуп, ар дайым колдоп, 4 балага ата кылган жубайына ар дайым ыраазы. Бишкек шаарынын район администрациясынын биринде эмгектенип жүрүп, аз айлык маяна, Мекенинен алыс кетүүгө мажбур кылган. Көпчүлүк эмгек мигранттарыннын экинчи үйүнө айланган Москва шаары, мигрант турмушу, андагы акыркы үч жылда өткөн ар кандай күндөрү тууралуу ырлары жаралган.