Жаңылыктар
Гемодиализ кызматынын жаңы тартиби
Ден соолук
Гемодиализ кызматынын жаңы тартиби

Өкмөт бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруунун тартибин бекитти.  

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз гемодиализ кызматын алышат.

Алар бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөйт. Бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмун жеке менчик түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан эркин тандоо укугу берилет.

Берилген арыз жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлүп, «Бирдиктүү реестрге» киргизилет. Бул дартка чалдыккандардын тизмесин бекитүү туруктуу түрдө атайын комиссия тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Гемодиализ кызматы дарттын оордугуна ылайык жумасына 3 жолу жана айына 12ден көп эмес жолу көрсөтүлөт. Гемодиализ кызматы үчүн төлөм тиешелүү келишимдин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат. Бейтаптар мындай жеңилдикти 2020-жылдын 1-январынан баштап колдоно алат. Гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.