Жаңылыктар
Ишкерлерди колдоо менен аймактарды өнүктүрүү алдыңкы максатта
Экономика
Ишкерлерди колдоо менен аймактарды өнүктүрүү алдыңкы максатта

Өкмөттүн инвестициялык бизнес-долбоорлорду тандоо боюнча сынак комиссиясы өндүрүштү өнүктүрүү программасы боюнча төрт долбоорду жактырды. Буга чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт тарабынан алгачкы ирет аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд. сом бөлүнүп жатканын белгилеп, аны натыйжалуу пайдалануу тапшырмасын койгон. Сынак комиссиясынын элегинен өткөн долбоорлордун биринин иши менен Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров таанышып келди.

Эскирген тетиктер, иштебей турган техникалардын ордуна эми жаңылары орнотулуп, кызыл жана боз гранитти иштете турган ишкана ачылат. Бул долбоорду бизнес-долбоорлорду тандоо боюнча сынак комиссиясы жактырган. Учурда каражатты алуу үчүн документ иштери бүткөрүлүүдө. Ишкананы жандандыруу боюнча жумуштар мындай ыргак менен кетсе, кийинки жылдын жаз айларында завод толук кандуу иштей баштайт. Анткени Өкмөт дагы заводду тез аранын ичинде ишке киргизүүгө кол кабыш кылууда.

Муну менен катар Таластагы дагы эки ишкана Өкмөттүн өндүрүштү өнүктүрүү программасына катышууга кызыкдар. Анын бири Бакай-Ата районундагы төө буурчакты тазалап, консервалай турган өнөр жай комплекси. Экинчиси Талас районундагы Кууганды айылындагы бетон заводу. Эки ишкананын ачылышына катышкан Вице-премьер-министр, өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө жана экспортко багытталган ишканаларга жардам берүүгө даяр, экенин билдирди.

Сынак комиссиясы 4 долбоорду тандады. Өкмөт аймактарды өнүктүрүү жана ишкерлердин ишмердүүлүгүн колдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетти жумшоого тийиш. Сынак комиссиясы тарабынан тандалган инвестициялык бизнес-долбоорлорду талкуулаган кеңешмеде Премьер-министр ал үчүн каржылык институттар менен жергиликтүү бийлик эриш-аркак иштеши зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, бизнес-долбоорду түзүүгө облустар менен райондордун борборлорунда иштеп жаткан адистер жардам берет. Бул коммерциялык программа эмес. Негизги максат - ишкерлерди колдоо менен аймактарды өнүктүрүү.