Жаңылыктар
Кылмышка шектүүлөрдү милиция калкалаганбы?
Кылмыш
Кылмышка шектүүлөрдү милиция калкалаганбы?

Бишкектеги милиция кызматкерлерине карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Алар эки адамды аёосуз токмоктогон кылмышка шектүүлөрдү качырып жиберген деп шектелүүдө. 28-августта болгон окуяда жабыркаган эки жаран бейтапканада оор абалда жатат. Интернетте тараган тасма кызуу талкууларды жаратып, кылмышка шектүүлөрдү жазалоо талабы коюлууда.

Мушташ тартылып калган тасма интернетте желдей тарады. Андан кылмышка шектүүлөрдүн бири жанындагы адамды эс-учун билбей жатканына карабай ур-тепкиге алганын көрүүгө болот. Кейиштүүсү, жакын жердеги соода борборлорунан да, көчөдө өтүп бара жаткан унаадан да арачалап калуу үчүн эч ким кайрылган эмес. Тасманы көргөн ар бир адамдын үрөйү учат. Жабырлануучулардын жакындары шектүүлөрдүн кармалбай жатканына нааразы. Окуя 28-августта эртең мененки саат жетиде болгон. Мушташта катуу жабыркаган жарандар учурда бейтапканада. Экөөнүн тең абалы оор.

Жабырлануучулар катуу токмоктолгонуна карабай алгач иш бейбаштык катары гана каралып, кийин ал “Адам өлтүрүүгө аракеттенүү” беренесине которулду. Эки бир тууган шектүүлөр изделип жатат. Жабырлануучулардын жакындары тартип сакчыларына ишеним артпай турушат. Бул видеотасма болбогондо милиция кызматкеринин аракеттерине баа берилбей калат беле, ким билет. Ал окуя болгон жерге келип, шектүүлөргө жолугуп, бирок чара көргөн эмес. Башкы прокуратура бул факты “Кызмат абалын кыянат пайдалануу” жана “Кылмышты жашыруу” беренелеринин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынганын кабарлады. Тасмадагы формачан адам шектүүлөрдүн бир тууганы, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кирминалдык милиция кызматында иштеген Казыбек Бапышев экени аныкталды. Облустук милиция кызматтык иликтөө башталганын билдирди.