Бүгүн, 4-сентябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.