Жаңылыктар
Ак-Өлөң айылында жаңы завод курулууда
Аймак
Ак-Өлөң айылында жаңы завод курулууда

Тоң районунун Ак-Өлөң айылында курулушка керектелүүчү шыбак материалдарынын бир нече түрүн чыгаруучу жаңы завод курулуп баштады. Жеке инвестор бул үчүн 30 миллион сомдон ашык каражатын сарптоодо. 

Завод жеңил курулма жабдыктарынан салынып, 2020-жылдын жаз алды менен иштеп баштайт. Белгилей кетсек, Тоң районунун Оттук айылында шыбак материалдарын чыгарууга кургак, минералдык чийки заттар, тактап айтсак акиташ кору кенен экени аныкталып, аны иштетүү боюнча уруксат алынган. 

Жеке инвестордун билдирүүсүндө завод иштеп баштаса отуздан ашык жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.