Жаңылыктар
Өкмөт менен мамлекеттик органдар конструктивдүү аракеттенүүсү зарыл
Саясат
Өкмөт менен мамлекеттик органдар конструктивдүү аракеттенүүсү зарыл

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясы башталганына байланыштуу жолугушту. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин төрагасын өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясынын башталышы менен куттуктап, анын депутаттар үчүн өзгөчө маанисин белгиледи, анткени ал Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы үчүн жыйынтыктоочу болуп эсептелинет. 

Президент Жогорку Кеңештин депутаттары өз милдетин өзгөчө жоопкерчилик менен аткарарына үмүтүн билдирди. Ал парламентарийлер аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясатын, сот-укуктук реформаны алдыга жылдыруу жана жарандардын жашоосун жакшырта турган социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында мыйзам долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурушат деген ишенимин билдирди. 

Мамлекет башчысы бул багытта Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен конструктивдүү аракеттенишүү зарылдыгын белгиледи.