Жаңылыктар
Мектептерде айрым сабактардын сааты көбөйөт
Билим
Мектептерде айрым сабактардын сааты көбөйөт

Билим берүү жана илим министрлиги стандарттуу мектеп программасына өзгөртүүлөрдү киргизип, айрым сабактардын саатын көбөйттү. Бул туурасында Коомдук каналдын "Биринчи радиосунда" мекеменин башкы адиси Гүльшан Абдылдаева билдирди. Анын айтуусунда Айти технологиясынын өнүгүүсүнө байланыштуу жана санариптештирүү жылынын алкагында информатика сабагы эмгек сабагынын тигүү жана сүрөт тартуусу менен айкалыштырылат.

Айти технологиясын башка сабак менен айкалыштырып үйрөнүү замандын талабы. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү мектептердин 94 пайызы интернетке туташты. Мектептердин баарын дүйнөлүк желеге кошуу 2020-жылы толугу менен ишке ашат. Буга чейин информатика сабагын 10-11-класстар гана окуса, мындан ары 5-класстан тартып үйрөнүп башташат,- деди Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү. 

Ошондой эле, былтыркы окуу жылында англис тили сабагынын сааты көбөйгөн. 5-класстын окуучулары англис тилин үйрөнүүгө жумасына 5 саат, 6-класстарга 4 саат 7-класстан баштап 3 саатка чейин убакыт берилген.