Жаңылыктар
Убактылуу мобилдик үйдө билим алган окуучулар үчүн мектеп курулат
Аймак
Убактылуу мобилдик үйдө билим алган окуучулар үчүн мектеп курулат

Нарын облусунун Кеңеш айылында авариялык абалдагы эски мектептин ордуна жаңысы курулат. Окуучулар учурда убактылуу мобилдик үйдө билим алып жатышат. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди. Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Кеңеш айылындагы мектептин имаратынын эскилиги жеткен деген тыянак чыгарган. Анда 160 бала окуп келген.

"Биз окууну клубдун имаратында убактылуу жүргүзүүнү пландаштырганбыз. Бирок ал дагы авариялык абалда турат. Коопсуздук максатында балдарды убактылуу мобилдик үйлөргө жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Суук түшкөндө балдар окутууга ылайыктуу башка жерге которулат. Кеңеш айылында жаңы мектеп жакынкы мезгилдерде курулмакчы", – деди Жаркын Ибраева. 

Ал эми "2019-жылдын 2-сентябрында Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин убактылуу мектептин ачылыш салтанатына барганы боюнча коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирди туура кабыл алабыз", - деген Ибраева райондук администрациянын жетекчиси мектепке байланыштуу түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүү максатында барганын айтты.