Жаңылыктар
КТРК: "Замана" студиясы жаңы форматта старт алды
УТРК жаңылыктары
КТРК: "Замана" студиясы жаңы форматта старт алды

КТРКдагы жаңы сезондун алкагында бардыгыбызга белгилүү "Замана" таңкы берүүлөрү жаңы форматта жана жаңы жасалгаланган студияда 5-сентябрдан тартып, өз ишин баштайт. 

Эфирдин жаңыртылган декорацияся, заманбап жасалгасы телекөрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулайт деп ишенебиз.

Жаңы сезонго өтүүдө көп иштер аткарылып, акыркы технологиялар колдонулду. "Замана" студиясында эмгектенген жалпы кесиптештерибиздин ишине ийгилик каалайбыз. 

Эскерте кетсек, КТРК каналдары сентябрь айынын тартып жаңы сезонго киришти. Телеканалдардын форматы, телеберүүлөрдүн мазмуну, дизайны жана студиялары жаңыртылып, жаңы багытта иш ыргагы жүрүүдө. 31-август, Эгемендүүлүк күнү КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналы жаңы форматка өттү. Ошондой эле КТРКдагы бардык көрсөтүүлөрдүн форматы, студиялары өзгөртүлүп, коомчулукка тартууланууда.