Жаңылыктар
Бүгүн Бишкек шаарынын күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бишкек шаарынын күнү белгиленүүдө

Бүгүн Бишкек шаарынын 138-туулган күнү белгиленүүдө. Бул датага байланыштуу шаар башкармалыгы бир катар майрамдык иш-чараларды уюштурду. 

Эртең менен Көк-Жар, Кайыңды жаңы конуштарында жаңы бала бакчалар ачылды, опера жана балет театрында №6 гимназиянын 80 жылдыгы белгиленүүдө, парктарда, аянттарда майрамдык оюн-зоок, спорттук таймаштар өтүп жатат. Шаардын төрт районунда тең майрамдык салтанаттар, концерттик программалар болот.

Шаардын туулган күнүнүн урматына Бишкектин негизги атрибуттарынын бири болгон курант сааттан бүгүнтөн тарта ар бир саат сайын комуз менен ооз комуздун ыргактары угулуп турмакчы.