Жаңылыктар
Окуу китептериндеги каталар: ким күнөөлүү?
Билим
Окуу китептериндеги каталар: ким күнөөлүү?

Мектептердеги башталгыч класстардын окуу китептеринде каталар арбын. Мындай пикирин айрым басмаканалардын өкүлдөрү менен ата-энелер билдирди.

Мектеп окуучулары үчүн чыгарылып жаткан окуу китептерин Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлгө алышы керек. Алар бардык жоопкерчиликти тендерден уткан басмаканаларга жүктөп коюшууда, - деп  айрым басмаканалардын өкүлдөрү нааразы болушууда.

Өзгөрүү болбосо өсүү болбойт. Быйыл талаптарыбыз өзгөрдү. Бардык милдетти тендерден утуп алган “Аркус” басмаканасына жүктөдүк. Буга чейин бири-бирине шылтоологон жагдайлар көп болуп келгендиктен, баарын бир колго өткөрөлү деп чечим чыгардык, - дейт Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүүдө.