Жаңылыктар
Көгүлтүр от көпчүлүккө жеткирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Көгүлтүр от көпчүлүккө жеткирилет

"Бишкек - Кант - Токмок" магистралдык газ өткөргүч - буруп кетме жана "Токмок" газ бөлүштүрүүчү станциясы иштей баштады. "Газпром" компаниясы калктуу конуштарды көгүлтүр от менен камсыз кылуу үчүн инфратүзүмдү жакшыртууда.

Келишим түзүлгөн 2014-жылдан бери бул багытта 26 миллиард сом жумшалган. Жакынкы он жылдын ичинде газдаштырылган аймактарды эки эсеге кеңейтүү болжонуп жатат.

Газ бөлүштүрүүчү станцияны курууда анын экономикалык мааниси эске алынган. Ишканаларда көгүлтүр от жок өндүрүш токтоп калбашы керек.

Буга чейин “Бишкек”, “Сокулук”, “Кант” газ бөлүштүрүүчү станциялары курулган. Аларга көгүлтүр от тынымсыз жеткирилип турат. Бул үчүн газ куурлары да жаңыланууда. Соңку ирет “Бишкек - Кант - Токмок” магистралдык газөткөргүч-буруп кетме объектиси ишке берилди.

“Газпром” компаниясы Кыргызстан менен кызматташууну баштаган 2014-жылдан бери 26 миллиард сом инвестиция салганын билдирүүдө. Ал эми алдыңкы 10 жылдыкта өлкөнүн көгүлтүр от менен камсыз боло турган аймактары эки эсеге кеңейет.