Жаңылыктар
Президент жер көчкөн аймактан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент жер көчкөн аймактан кабар алды

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы узакка созулган жамгырдан улам жер көчкөн Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын эки участкасындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү жана анда жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканынан кабар алды. 

Боронов - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жер көчкүдөн жапа чеккен Кызыл-Туу айыл аймагынын эки участкасынын жашоочуларын коопсуз жайларга көчүрүшкөнүн билдирди. 

Министрдин айтымында, жаратылыш кырсыгынан кыйраган үйлөрдүн жашоочулары ар кайсы мезгилде ссудаларды жана жер тилкелерин алышкан, алар жашаган аймактын коркунучтуу экендиги тууралуу эскертүүлөр берилген. 

Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керек экенин белгилеп, куткаруучулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаратылыштын ар кандай кырсыктарына кириптер аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүшү зарыл экенин айтты.