Жаңылыктар
Самат Курманкуловдун абалы жакшырууда
Ден соолук
Самат Курманкуловдун абалы жакшырууда

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун абалы жакшырууда. Ал өз алдынча дем алып жатат. Бирок толук  эсине келе элек. Бул туурасында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Айтымында 5-сентябрда жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулат жана андан ары дарылануудан өтөт. Жакын арада аны Москвадагы реабилитациялык борборлордун бирине которуу болжонууда. Бул маселе боюнча эки мамлекеттин Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылындагы окуяда катуу жаракат алган. Ага эки ирет операция жасалган, бирок комадан чыккан эмес. 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборго дарылануу үчүн Бишкектен которулган.