Жаңылыктар
Тажикстанда Айнинин буга чейин жарыяланбаган ырлары табылды
Маданият
Тажикстанда Айнинин буга чейин жарыяланбаган ырлары табылды

Тажик совет адабиятына негиз салуучулардын бири, белгилүү акын Садриддин Айнинин жеке архивинен буга чейин жарыялана элек 30дан ашык ыры табылды.

Тажикстан илимдер академиясынын алдындагы Тил жана адабият институтунан кабарлашкандай, ырлар акындын чыгармаларын кайрадан басып чыгаруу үчүн анын жеке архивин карап жаткан маалда табылды. Алардын көбүн совет мезгилинде тыюу салынган саясий жана диний темадагы ырлар түзөт.

Мекеменин маалыматына караганда, жакында Айнинин чыгармаларынын кеминде 22 томдон турган экинчи басылышы жарык көрөт.

Садриддин Айни 1878-жылы Бухарада жарык дүйнөгө келген. Анын ысымы өлкөдөгү райондорго, көчөлөргө берилген. 1998-жылы президенттин жарлыгы менен ага Тажикстандын баатыры наамы ыйгарылган. Акын 1954-жылы 76 жаш курагында каза болгон.