Жаңылыктар
Кыргыз радио бирикмесине 85 жыл
Маданият
Кыргыз радио бирикмесине 85 жыл

“Ааламдашуу доорундагы радио берүүлөрдүн өнүгүү тенденциясы жана келечеги”. Ушундай аталыштагы илимий-практикалык жыйын Улуттук университетте өттү. 

Радионун 85 жылдыгына арналган конференцияда университтетин профессорлору, кыргыз радиосунун ардагерлери жана КТРКнын радио кызматкерлери менен биргеликте радионун өнүгүүсү жана келечеги тууралуу талкуу болду. 

Белгилей кетсек, учурда Коомдук биринчи каналдын “Кыргыз радио бирикмесинде” 5 радио иштеп жатат. 85 жылдык тарыхы бар радио 1931 - жылы 19- декабрда уюштурулган. Алгачкы дикторлору - белгилүү мамлекеттик ишмер Сакин Бегматова, Кыргыз эл артисти Алиман Жангорозова жана жазуучу Касымалы Бектенов болгон.