3 спортчуга «Кыргызстандын спорт чебери» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Спортчулар аталган наамды агенттик тарабынан 2016-жылдын 23-декабрында бекитилген бирдиктүү классификациянын негизинде алышты.
«Кыргызстандын спорт чебери» наамына паратриатлон менен тогуз коргоол боюнча спортчулар ээ болушту. Алар:
- Нурбек Тойчубаев, 1976-жылы туулган, паратриатлон;
- Марлис Дуулатбеков, 2001-жылы туулган, тогуз коргоол;
- Айтурган Максатбек кызы, 1994-жылы туулган, тогуз коргоол.