Жаңылыктар
Бишкекте ири суммадагы акчаны уурдоого шектелип кармалды
Кылмыш
Бишкекте ири суммадагы акчаны уурдоого шектелип кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан 28 жаштагы кыз уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

20-июлда Свердлов РИИБге А.Ж. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 20-июлда болжол менен саат 13:00 чамасында «Дордой» базарында сумкасынан 358 миң рубль акчасын уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Свердлов РИИБдин №7 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.Д. аттуу кыз кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.