Жаңылыктар
Акыркы суткада өлкө аймагында 25 өрт чыкты
Кырсык
Акыркы суткада өлкө аймагында 25 өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 28 бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-сентябрда билдирди.

Бишкектеги Ч.Айтматов көчөсүндө куураган чөп күйдү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен 7-Апрель көчөсүндөгү курулуш вагондун ички жыгач жасалгасы жана анын аймагында куураган чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.