Жаңылыктар
Соңку үч жылда 229 мектеп жана 16 бала бакча курулган
Билим
Соңку үч жылда 229 мектеп жана 16 бала бакча курулган

Акыркы үч жылда Кыргызстанда 229 мектеп жана 16 бала бакча курулган. Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Курулган жана оңдолгон билим уялары республикалык, жергиликтүү бюджеттен жана тартылган кошумча каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.

«Капиталдык салым» беренеси боюнча каржыланган объекттердин тизмесине ылайык, 2019-жылы 2 млрд 133 млн. сом бөлүү каралган. Быйылкы окуу жылынын башталышына 14 мектептин курулушу аяктады, дагы 27 мектеп жыл аягына чейин курулуп бүтөт. Жалпысынан ушул жылдын аягына чейин 64 объекттин курулушун аяктоо пландалууда, анын ичинде 41 мектеп жана алардын спорт залдары, үч бала бакча, алты спорт зал жана комплекстер, алты саламаттык сактоо жана бир катар башка объекттер бар. Мындан тышкары, 33 социалдык объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, анын ичинде 15 мектеп, беш саламаттык сактоо жана бир нече башка объектилер бар.