Жаңылыктар
Улуттук көчмөндөр оюндары: спорттук иш-чаралар 16-сентябрда башталат
Спорт
Улуттук көчмөндөр оюндары: спорттук иш-чаралар 16-сентябрда башталат

Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарында спорттук иш-чаралар 16-сентябрда башталат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталуусу күтүлүүдө. Ал эми, бүгүнтөн тарта Талас шаарында атайын штаб ачылып, маданий иш-чараларды даярдоо иштери күчөтүлгөн режимде ишин баштады.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын максаты - өлкөдөгү элдер арасындагы этномаданияттын нускалыгын сактоо менен аны жандандырып, өркөндөтүү. Ошондой эле, этностор жана элдер арасында толеранттуу мамилени курууга үндөө болуп эсептелет.

Эске салсак, Улуттук көчмөндөр оюндары 2019-жылдын 16-21-сентябрь күндөрү Таласта өтөт.