Кыргызстандык режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтөт. Бул тууралуу фильмдин продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.
Анын айтымында, 24-ирет өтүп жаткан "Жаңы агымдар" эл аралык кинофестивалы 3-12-октябрь күндөрү тартууланат. "Жөө күлүк" анын негизги сынактык программасына тандалып алынган. Фестивалдын алкагында 85 өлкөдөн келген 303 тасма көрсөтүлөт. Негизги программа Азиянын телчигип келе жаткан жаш режиссёрлорунун жолун ачууга багытталган. Тасманын сюжети үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн Жекшен аттуу өспүрүмдүн баяны аркылуу берилип, ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.
"Жөө күлүк" тасмасы "Ой Арт", "Кыргызфильм" киностудиялары жана "Билимкана" мектеби тарабынан Кинематография департаментинин колдоосу аркасында тартылган. Тасманын сценарийи Мирлан Абдыкалыков жана Эрнест Абдыжапаровго таандык. Фильмде Темирлан Асанкадыров, Руслан Орозакунов, Мээрим Атантаева, Илимбек Калмуратов, Улан Өмүралиев, Айнура Качкынбек кызы жана Жеңиш Кангелдиев ролдорду жаратышкан.
Белгилей кетсек, "Пусан" эл аралык кинофестивалы Азиядагы ири иш-чараларадын бири болуп саналат.